Кеминдеги трагедия. Автоунаалар кагышып, төрт киши каза болду. Сүрөт

Кырсык 9-майда Кемин шаарчасына жакын жерде болжол менен кечки саат тогуздарда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кемин районунун аймагында трассада эки автоунаа кагышып, анын кесепетинен ошол жерде үч киши жан берсе, төртөө ооруканага түшкөн. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча Чүй облустук башкармалыгынан кабарлашты.

Кырсык 9-майда Кемин шаарчасына жакын жерде, Бишкек — Нарын — Торугарт трассасында болжол менен кечки саат тогуздарда болгон. 

Кеминдеги трагедия. Автоунаалар кагышып, төрт киши каза болду. Сүрөт

"Honda Odyssey автоунаасын айдап бара жаткан 21 жаштагы кыз каршы тилкеге чыгып кетип, Subaru Outback үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Айдоочулар жана дагы бир жүргүнчү ошол жерден жан берген, дагы төртөө ооруканага жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.

Автоинспекторлор жабырлангандардын бири ооруканадан каза тапкандыгын кошумчалашты.

Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Автокөлүктөр унаа токтотуучу атайын жайга жеткирилди.