4 миң доллар алды! Дарья Маслова Көлдөгү турнирде биринчи келди

Жөө күлүк 42 чакырымды 2 саат 41 мүнөт 36 секунд ичинде чуркаган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Дарья Маслова Ысык-Көлдө өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин эл аралык турниринде биринчи келди. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине жөө күлүктүн машыктыруучусу Татьяна Борисова кабарлады.

Жеңил атлетика боюнча Азия чемпиону Дарья Маслованын үлпөт тоюндагы сүрөттөрү
Маслова 42 чакырымды 2 саат 41 мүнөт 36 секунд ичинде чуркап өткөн. Экинчи орун дагы бир кыргызстандык спортчу Юлия Андреевага буюрса, ал эми үчүнчү орунга кытайлык Инли Пан татыды.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин билдиришинче, Маслова 4 миң доллар акчалай сыйлык алды. Ал эми Андреева менен Пан 3500 жана 3000 доллардан алышты.