Кыргызстандыктарды Бишкектеги ири футбол оюнуна чакырган промо-ролик

Азия футбол конфедерация кубогунун (АФК) төртүнчү тайпалык этабынын алкагында Бишкекте "Дордой" командасы менен Тажикстандын чемпиону болгон "Истиклол" командасы беттешет.
Sputnik

Футбол боюнча ири эл аралык оюн 15-май күнү 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот.

КР футболчулары Азия чемпионатынын тандоо турунда 4 команда менен ат салышат
Тайпалык этаптын алкагындагы биринчи үч оюнда "Дордой" командасы Түркмөнстандан келген "Алтын Асыр" менен (1:1) беттешип тең чыккан. Тажикстандын "Худжанд" командасына 1:3 эсебинде, ал эми "Истиклол" командасына 1:4 эсебинде утулуп калган. Аталган мелдеш Душанбе шаарында өткөн.

Бул ирет бишкектик команда атаандашы менен өз талаасында кезигет.

Эл аралык футбол мелдешине билеттерди күйөрмандар оюн болор күнү стадиондун кассасынан же "Дордой Плаза" соода борборунун биринчи кабатынан сатып ала алышат. Билет баасы 150-200 сом.