Жалал-Абадда мунай базадан өрт чыкты. Жеринен алынган сүрөт

Жеринде милиция кызматкерлери менен Тез жардам иштеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын Шерматов көчөсүндөгү мунай базадан өрт чыкты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жалал-Абадда мунай базадан өрт чыкты. Жеринен алынган сүрөт

Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт саат 10.00дөр чамасында чыккан. Тилсиз жоо менен кармашууга төрт өрт өчүрүү унаа чыгып кеткен.

Жеринде милиция кызматкерлери жана Тез жардам иш алып барууда.