Жалал-Абадда күйүп жаткан мунай базасы саясатчынын бир тууганына таандык

Мунай базадагы өрт бүгүн саат 10.00дөр чамасында чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Жалал-Абад шаарында күйүп жаткан мунай база саясатчы Камчыбек Ташиевдин туугандарына тиешелүү экени аныкталды.

Кырсык Шерматов көчөсүндө болгон. Өрт тууралуу маалымат ӨКМге саат 10:05те түшкөн. Жеринде куткаруучулар менен Тез жардам кызматы иштеп жатат.

Кара түтүн каптады. Жалал-Абадда өрттөнгөн мунай базасынын видеосу
Жергиликтүүлөрдүн айтымында, күйүп жаткан мунай базасы "Томас и Ко" ЖЧКсына таандык. Ал эми Юстиция министрлигинин сайтында ушул компаниянын дареги Шерматов көчөсүндө экени көрсөтүлгөн. Ал эми директору Жоомарт Токтомбай уулу, түптөөчүлөрү саясатчы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Казыбек Ташиев жана Замирбек Жылчымышев экени айтылат.

Күбөлөр тарткан видеодон уюлгуган кара түтүндү көрүүгө болот. Ондогон адамдар унааларын токтотуп, карап турат. Ал эми бензовоздор мунай базанын аймагынан кетип жатат.