Камчыбек Ташиев өрт өчүрүүчүлөргө ыраазычылык билдирип, сый көрсөтөрүн айтты. Видео

Саат 10:00дө башталган өрт саат 17.25те чектөөгө алынган.
Sputnik

ОШ, 10-май — Sputnik. Экс-депутат Камчыбек Ташиев өрт өчүрүү кызматынын өкүлдөрүнө жасаган аракети жана иши үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал мындай тилсиз жоону өз убагында өчүргөн кызматкерлерге сый көрсөтөөрүн айтты.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарындагы мунай базадагы өрт саат 10:00дөр чамасында чыккан. Жеринде өрт өчүрүүчү 10 унаа, 2 автошаты жана Жалал-Абад аэропортунун 2 техникасы иштеген.

Жалал-Абаддагы мунай базадан чыккан өрт 7,5 сааттан кийин чектелди
Мындан сырткары, Ош облусунан дагы кошумча өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, көбүк алынганы кабарланган.

Чыккан өрт саат 17.25те чектөөгө алынган.

Өрттүн кесепетинен эки киши түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген.

Мунай базасы "Томас и Ко" компаниясына таандык. Анын жетекчилеринин бири саясатчы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Казыбек Ташиев экени белгилүү.