Кыргызстандык кыз Universe Beauty — 2019 сынагынын баш байгесин жеңип алды

Баш байге үчүн 30 мамлекеттен келген сулуулар ат салышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыргызстандык теле алып баруучу Каныкей Аилчиева Түркияда өткөн Universe Beauty — 2019 сулуулук, мода жана талант фестивалынын баш байгесин жеңип алды. Бул тууралуу конкурстун расмий сайтында маалымдалат.

Сулуулук конкурсу 8-майда Анталья шаарында аяктаган. Баш байге үчүн 30 мамлекеттен келген сулуулар ат салышкан.

АКШнын эң сулуу бийкечи тандалды. Сүрөт
Конкурска катышкандар улуттук кийим, спорт кийимдерин кийип элге тартуулап, андан соң талантын көрсөтүшкөн. Аилчиева кара жорго бийин бийлеп, алдыга озуп чыккан.

Калыстар тобуна дизайнерлер, искусство адамдары жана шоу-бизнестин өкүлдөрү кирген.

Каныкей Аилчиева аталган конкурска катышуу үчүн жолдомону Москвада өткөн эл аралык сулуулук конкурсунда жеңип алган.