ШИИБ: Бишкектеги "Өлбөс полк" жүрүшүнө 50 миңден ашык киши чыкты

Акция учурунда милиция кызматкерлери жарандардын коопсуздугун камсыз кылышты.
Sputnik

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Борбор калаада өткөн "Өлбөс полк" жүрүшүнө 50 миңден ашык киши катышканын шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Баш-аягы көрүнбөгөн "Өлбөс полк" акциясы. Фотофакт
Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына арналган акцияга президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Мындан сырткары, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы жубайы менен чыкты.

Жүрүш Дайыр Асанов атындагы парктан башталып, "Жеңиш" аянтынан аяктады.

Укук коргоо органдарынын берген маалыматы боюнча, акция учурунда эч кандай коомдук тартипти бузуу фактылары катталган жок.

Былтыр "Өлбөс полк" жүрүшүнө 45 миңдей киши катышкан.