Кытайлык блогер кыз осьминогду жейм деп жатып, аз жерден анын курмандыгы боло жаздады. Бул туурасында Daily Mail басылмасы жазды.
Кыз аны жей турган процессти көрсөтүп баштаганда деңиз жаныбары буттары менен кыздын бетине чап жабышкан.
Канчалык аракет кылып, жаныбарды колу менен алганга аракет кылганы менен берки өчөшкөнсүп чыкпай туруп алган.
Мындай "күрөш" көпкө созулуп, акыры блогер андан эптеп кутулган. Сүрөттөн анын бетинде кызарган так калганын көрүүгө болот.
Маалыматтарга караганда, кыз Ляньюньган шаарында жашайт жана деңиз азыктарын абдан жакшы көрөт.
Видеонун алдындагы посттордо кыз өзү күнөөлүү деген пикирлерди калтырышкан.
"Баарына өзү күнөөлүү. Ал осьминогду жейм деди эле, осьминог аны жеп сала жаздады", — деп жазышкан.
Маалыматта деңиз жаныбарынын тагдыры эмне менен аяктагандыгы белгисиз бойдон калган.