Көк бөрү: Ысык-Көлдүн командасы биринчи лиганын чемпиону болду

Финалда Талас менен Ысык-Көл командалары күч сынашты.
Sputnik

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча республикалык турнирдин биринчи лигасында Ысык-Көлдүн "Көл-Төр" командасы жеңишке жетти.

Баш байге үчүн мелдеште "Көл-Төр" Таластын "Кара-Буура" командасы менен күч сынашкан. Эки команда тең бири-бирине катуу каршылык көрсөтүп, кыл чайнашкан беттеш болду. Натыйжада Ысык-Көлдүн командасы 2:1 эсеби менен утуп кетти.

Көк бөрүдө чырдашкан Манас Ниязов менен Нурбек Юсупов элдешти
Ал эми үчүнчү орунду "Алкан-Ата", төртүнчүнү "Ат-Башы" командасы ээледи. Белгилей кетсек, биринчи лигада 16 команда ат салышты.

Бүгүн түштөн кийин саат 15:30да Жогорку лиганын финалисттери "Достук" менен "Ынтымак" командалары оюн талаасына чыгат.

Жеңиш күнүнө жана Сүймөнкул Чокморов менен Үсөн Кудайбергеновдун элесине арналган ат оюндары 4-майдан бери Чолпон-Атадагы ипподромдо өтүп жатат. Программада көк бөрүдөн сырткары эр эңиш, ат чабыш, салбуурун оюндары уюштурулат.