Бүйүр кызытып, жүрөк толкуткан оюн. "Достук" "Ынтымакты" утуп кетти

Экөө тең күчтүү команда болгондуктан, үчүнчү тайм жарымынан өткөндө гана эсеп саны ачылды.
Sputnik

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Чолпон-Атада Жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн көк бөрү турниринде Ош облусунун "Достук" командасы Таластын "Ынтымагын" утуп алды.

Оюндун биринчи бөлүгүндө эсеп саны ачылган жок. Эки команда тең бири-бирине катуу каршылык көрсөтүп, тай казанга улак салууга мүмкүнчүлүк бербеди. "Достуктан" Таши Майлыбашев эки мүнөткө жаза мамыга коё берилсе, "Ынтымактан" Аудасбек Мырзабек уулу "Геркулес" аргымагы менен жекеме-жекеден эңип чыкканда аттан кулап түштү.

Экинчи таймда "Достук" көбүрөөк чабуулга чыга баштады. Бирок "Ынтымак" да моюн берген жок. Тең ата оюн көргөзүп, кыл чайнашкан беттеш орун алды. Мындай катуу кармашта эч ким улак сала алган жок.

Көк бөрү: Ысык-Көлдүн командасы биринчи лиганын чемпиону болду
Үчүнчү бөлүк дагы ушундай чыңалуу менен жүрүп жаткан. 14-мүнөткө келгенде "Достуктун" капитаны Таши Майлыбашев озуп чыгып, атаандашынын тай казанына улак салууга жетишти. Андан кийин эсеп саны өзгөрбөй 1:0 эсеби менен Оштун командасы жеңишке жетти.

Көк бөрү турнири Биринчи жана Жогорку лига болуп эки топко бөлүнгөн. Биринчи лиганын баш байгесин Ысык-Көл облусунун "Көл-Төр" командасы утту.

"Достук" менен "Ынтымак" командалары күчтүү атаандаштар, дайыма республикалык турнирлердин финалында беттешишет. Жеңиш эки тарапка тең ооп турат. Алсак, былтыр дагы 9-майдагы мелдеште "Достук" жеңип алса, Нооруз майрамындагы оюнда "Ынтымак" утуп кеткен.

Жеңиш күнүнө жана Сүймөнкул Чокморов менен Үсөн Кудайбергеновдун элесине арналган ат оюндары 4-майда башталып, Чолпон-Атадагы ипподромдо өттү. Программада көк бөрүдөн сырткары эр эңиш, ат чабыш, салбуурун оюндары уюштурулган.