"Өлбөс полк" учурунда Сооронбай Жээнбековду тартууга тыюу салынды

Эгер асманга дрон көтөрүлө турган болсо, атып түшүрүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бишкекте өтө турган "Өлбөс полк" акциясына президент Сооронбай Жээнбеков катышып жаткан кезде сүрөткө, видеого тартууга болбойт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, асманга дронду көтөрүүгө да болбойт.

"Президент Сооронбай Жээнбеков "Өлбөс полк" акциясынан кеткенден кийин гана сүрөт, видеого тартууга жол берилет. Бирок дронго тыюу салынды, эгер асманга көтөрүлө турган болсо, атып түшүрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Бардык ЖМКларга президенттин видео, сүрөт материалдары жиберилери кошумчаланды.