Жарандар түрмөдөгүлөргө бере турган буюмдарын кантип бекитет. Сүрөт

Абактагы кишилерге тааныштары тыюу салынган каражаттарды киргизип жиберген фактылар катталып келет.
Sputnik

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абактагы адамдарга тыюу салынган нерселерди кандай жол менен жеткирүүгө аракеттер жасаларын айтып беришти.

Ведомство мындай фактыларга жол бербөө аракеттерин көрүүдө. Анткен менен абактагы кишилерге тааныштары тыюу салынган каражаттарды киргизип жиберген фактылар катталып жатканы белгиленди.

"Эттин, азык-түлүктүн ичинен акча, бут кийимдин ичинен уюлдук аппараттар табылган учурлар кездешет. Негизинен жарандар абактагыларга ичимдик жеткирүүгө аракет жасашат", — деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон маалымдашкандай, 2019-жылдын биринчи кварталында 5475 жолу тинтүү жүргүзүлүп, анын алкагында 130 миң сом, 638 уюлдук аппарат, 97 литр ичимдик, 426 саюучу-кесүүчү каражат жана 5 килограммдан ашык баңгизаты алынган.