Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон ачылат

Иш-чаранын алкагында Issyk-Kul International Tourism Fair Exhibition аттуу эл аралык туристтик көргөзмө уюштурулат.
Sputnik

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Ысык-Көлдө 18-19-май күндөрү жайкы туристтик сезондун ачылышы болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Ага караганда, ачылыш аземдин алкагында Чолпон-Атадагы "Газпром" курган ден соолукту чыңдоочу комплексте Issyk-Kul International Tourism Fair Exhibition аттуу эл аралык туристтик көргөзмө уюштурулат.

"Иш-чаранын негизги максаты башка мамлекеттер менен туристтик бизнес байланыш түзүү, чет элдик туристтерди тартуу жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чарага ар кайсы өлкөлөрдүн туристтик агенттиктеринин адистери, чет элдик инвесторлор, дүйнөлүк туристтик индустриянын адистери, ошондой эле жергиликтүү жана чет элдик туристтик компаниялардын, пансионаттардын, мейманканалардын, авиакомпаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле журналисттер катышат.