Кадрдан көрүнүп тургандай, пилот сыртка учактын терезесинен чыккан. Бирок учакка кайра үйлөмө трап менен кирген. Бир нече убактан кийин колуна кесиптешин көтөрүп чыккан.
Аба кемесинин командири Денис Евдокимовдун атасы Александр Евдокимов уулу бир өлүмдөн калганын РЕН ТВ каналына тастыктады. Анын айтымында, пилот көптөрдүн оюна келбей турган нерсени жасаган.
Учурда Денис Евдокимов Москвадагы ооруканалардын биринде дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Атасы адистерден учкучтарды күнөөлөбөөнү суранды.
Окуя 5-майда болгон. Sukhoi Superjet 100 учагы Москвадан Мурманскиге учуп, абага көтөрүлгөндөн кийин 28 мүнөттөн соң Шереметьево аэропортуна конууга аргасыз болгон. Учак аба ырайынын катаалдыгынан улам экинчи жолку аракетинде гана коно алган. Жерге конуп жатканда кыймылдаткычтары иштебей калып, күйүп кеткен.