Айдоочуларды кур тагынууга чакырган Саркулов күлкүгө калды. Видео

Саркулов элди коопсуздук курун пайдаланууга чакырып, бирок унаага отургандан кийин курду өзү туура эмес тагып алган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Социалдык тармакка Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов айдоочуларды коопсуздук курун тагып жүрүүгө чакырган видео тарады.

"Ар бир жаранды, ар бир айдоочуну жол сакчылары үчүн же айып пулдан качуу үчүн эмес, өзүнүн ден соолугу үчүн коопсуздук курун тагынып жүрүүгө чакырам", — деди Саркулов.

Социалдык тармактын колдонуучулары "Саркулов коопсуздук курун тагынганды билбейт экен" деп күлкүгө алышууда.