Ош — Араван трассасындагы кырсыктан эки киши менен наристе каза тапты. Сүрөт

Жол кырсыгынан алты адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Sputnik

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Ош облусуна караштуу Араван районунда болгон жол кырсыктан эки киши менен наристе каза тапты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окурман билдирди.

Анын айтымына караганда, эки унаа 7-майда кагышкан.

Ош облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы фактыны тастыктады.

"Жол кырсыгы Араван районундагы Ачы айылында болду. Toyota Ipsum үлгүсүндөгү унаанын 22 жаштагы айдоочусу ВАЗ-2106 унаасы менен кагышып кеткен. Анын кесепетинен ВАЗ автосунун 49 жаштагы айдоочусу, 60 жаштагы аял бир ай мурда төрөлгөн наристе менен кошо каза тапты", — дешти милициядан.

Ооруканага түрдүү жаракаттар менен минивэндин жүргүнчүлөрү жана айдоочусу түштү.

Факты Кылмыштар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге каттоого алынды.