Радио

Арзымаматов: өрт өчүрүүчүлөр кеч келет деген доомат туура эмес

ӨКМдин оорук башкармалыгынын башчысы, подполковник Бактыбек Арзымаматов айрым айдоочулар өрт өчүрүү кызматынын автоунаасын өткөрбөй, куткаруучулар кырсык катталган жерге кеч барып жаткандыгын айтты.
Sputnik
Арзымаматов: өрт өчүрүүчүлөр кеч келет деген доомат туура эмес

Коомчулукта өрт өчүрүүчүлөр кеч жана суусу жок келет деген дооматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Бактыбек Арзымаматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Тез жардам, Милиция жана Өрт өчүрүү кызматынын техникаларынын өтүшүнө эч бир тоскоолдук жаралбашы керек.

"Коомчулук арасында өрт өчүрүүчүлөр кеч жана суусу жок келет деген сын пикирлер айтылып жүрөт. Бул чынында талаштуу доомат. Анткени өрт өчүрүүдө колдонулган автоунаалар эски. Алардын суу батыра турчу сыйымдуулугу эки гана тонна. Эгер чоң өрт тутанса, анда аталган суунун көлөмү 10-15 мүнөттүн ичинде короп кетет. Өрттүн аянты чоң болсо кеминде беш, алты тонна суу жумшалат. Мындан улам кошумча дагы үч-төрт техника тартылышы талап кылынат. Алар келгиче убакыт өтүп кетүүдө. Ошол себептен учурда жаңы техникага муктажбыз. Мындан сырткары, өрт өчүрүүчү техниканын белгиленген жерге убагында жетиши да кыйынчылык жаратууда. Учурда автоунаанын саны кескин өсүп, чоң шаарларда тыгын көп. Айдоочулардын кайдыгерлиги да өзүнчө маселеге айланды. Айрым учурда өрт өчүрүүчүлөрдү өткөрбөй коюшат. Учурда жаңы кодекстерге ылайык, тоскоолдук жараткандарга чара көрүлө баштады", — деди Арзымаматов.

Ошондой эле ал өрт өчүрүүчүлөр атайын нормативдик убакытка ылайык кырсык катталган жерге чейин бир чакырым аралыкты бир жарым мүнөттө басып өтүшү керектигин кошумчалады.