Окумуштуулар өлүмдү эртелеткен негизги дартты атады

Адистердин айтымында, ашыкча салмак менен кант диабетинин кесепетинен улам пайда болгон жүрөк кемтигинен миллиондогон адам жабыркайт.
Sputnik

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Америкалык окумуштуулар адам бейтапканага жүрөк оорусу менен көбүрөөк түшөт жана бул дарт өлүмдү эртелетет деген пикирге келгенин "Известия" жазды.

Газдалган таттуу суунун зыяндуу жактары тизмектелди
АКШнын Түндүк-Батыш университетинин адистеринин айтымында, ашыкча салмак жана кант диабетинин кесепетинен улам пайда болгон жүрөк кемтигинен бир эле штатта миллиондогон адам жабыркайт. Бул дарт бара-бара өлүмгө алып келет.

Окумуштуулар мындай жыйынтыкты чыгаруу үчүн 1999-2017-жылдар аралыгында 48 миллион адамдын өлүмүнө саресеп салган. Натыйжада 2012-жылдан бери көп адам жүрөк оорусунан каза болуп жатканын байкашкан. Ошондой эле аталган илдет менен 6 миллион адам жабыр тартары аныкталганы айтылат.

Буга чейин окумуштуулар майлуу балыкты ашыкча жеп туруу өлүм тобокелдигин 50 пайызга жогорулата турганын айтышкан.