Аман-эсен көз жаруу үчүн эмне кылуу зарыл? Гинекологдун маеги

Тукум улоо саламаттыгы жана кошумча репродуктивдик технологиялар клиникасынын акушер-гинеколог-эндокринологу Насипа Гапарова "Биз — ата-энебиз" рубрикасынын алкагында төрөт убагында аял кандай кыйынчылыктарга тушугушу ыктымал, бул процесске кантип дайындануу керектиги боюнча айтып берди.
Sputnik

Аялзатынын өмүрүндөгү эң жоопкерчиликтүү жана олуттуу окуялардын бири — төрөт. Ага камылга көрүүдөн аялдын өзүнүн да, чүрпөсүнүн да саламаттыгы көз каранды. Көз жаруудагы эң кадыресе сезилген, бирок өтө маанилүү нерселер туурасында Насипа Гапарова кенен кеп салды.

Аман-эсен көз жаруу үчүн эмне кылуу зарыл? Гинекологдун маеги

— Адистин тилинде төрөт кандай процесс, кандай түрлөрү бар, кантип даярдануу керек?

— Төрөт — бул кош бойлуу аялдын ай-күнүнө жеткениндеги табигый процесс. Ай-күнүнө жетпеген, эрте, ошондой эле кесарево ыкмасы менен ишке ашырылган түрлөрү бар. Аман-эсен көз жаруу үчүн кош бойлуулукту пландоо, тагыраагы, тукум улоо тутумун дыкат текшерүүдөн өткөрүп, жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларга анализ тапшырып, башка оорулардын бар-жогун аныктап дарылануу зарыл. Антпесе, алар кош бойлуулукту да, төрөттү да кыйындатат. Жаш энелер мектебинен өтүп, төрөт убагында туура дем алууну алдын ала үйрөнүү абзел. Кош бойлуулуктун жеңил өтүшү баланын сак-саламат жарыкка келишин камсыздайт.

Табигый төрөт, ай-күнүнө жетип көз жаруу 39-40 апта болуп калганда ишке ашат, үч баскычта өтөт: толгоо, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгил.

— Кандай кырдаалда врачтар кесарево ыкмасын сунуштайт?

Кескин дем алба, туура ыйына көр! Бала кантип төрөлөт. Видео
— Бул операция пландалып же шашылыш жасалат. Мурдагы төрөтү да ушул ыкма менен өтсө, аялдын жатынында андан калган тырыгы же табигый көз жарууга эч болбой турган жагдайлар орун алса, анда кесарево ыкмасы пландалат. Аял өзү төрөй албай турган учурда, кан кете баштаганда, түйүлдүктүн чел кабыгынын катмарланып кетиши, жогорку даражадагы миопия (алыстан көрбөө) жана мурда көздүн ички челине операция жасалган болсо, экинчи түрү тандалат. Гипертония, преэклампсия, эклампсия да шашылыш операцияга себеп.

Аялдын кан басымы жогору болуп, түшпөй туруп алса, бөйрөктөрдүн өзгөрүшү аныкталса да операция жасалат. Мындай кырдаалда кош бойлуу аялды ооруканага жаткырышат. Жогоруда айткандай, табигый көз жарууга алыстан көрө албаган аялдарга да тыюу салынат. Азыр көпчүлүгү көздүн ички челине операция жасатышат. Ыйынганда көз оорусу күчөп, аял көрбөй да калышы ыктымал.

— Толгоо, төрөт канча убакытка созулушу мүмкүн?

— Тез болгону 4-5 саат, ыкчамы 2-3, табигый төрөт 9-12 саат жүрөт. Созулуп кеткени 18 сааттан ашат. Алардын көбү кесарево ыкмасы менен аяктайт. Чечим шашылыш кабыл алынат. Башкача айтканда, жатын моюнчасы ачылбаса, түйүлдүк тескери жатып калса, бала менен болочок эненин өмүрүн сактап калуу үчүн операция жасалат. Ыкчам жана тез төрөт балага пайдалуу эмес, себеби табигый тартип бузулат. Табигый төрөттө зарыл биомеханизм бар, ал болбосо, бала зыян көрүп калышы мүмкүн.

— Суу кетип, бирок толгоо келбеген учур кеңири кездешет. Андайда кандай чара көрүү зарыл?

Аял-эркектин тукумсуздугуна себеп болгон жагдайлар. Гинеколог менен маек
— Суу адатта жатын моюнча толук ачылганда кете баштайт, бирок андан эрте да суу кеткени учурайт. Андайда кымгуут түшпөө керек. Унаага кыңкая жатып, эң жакын ооруканага баланын жүрөгүнүн согушун тыңдоо үчүн баруу зарыл. Ал арада доктуруна кабарлаган оң. Эгер ай-күнүнө жетсе, түйүлдүктө эч мандем болбосо, төрөт кадимкидей эле, башкача айтканда, толгоону чакыруучу ийне саюу менен табигый жол менен өтөт. Кээде толгоо суу кеткенден кийин башталат. Ай-күнүнө жете элек болсо, анда кош бойлуу аял табигый төрөт башталганча төрөт үйүнө жаткырылат. Андайда алдын ала чара көрүлүп, балага жугуп калбашы үчүн бактерияларга каршы дарылоо жүргүзүлөт. Ымыркай суусуз калат деген жаңылыш ой.

— Төрөт үйү үчүн тизме бар эмеспи, ага эмнелер камтылган?

— Ай-күнүнө жетерге аз калганда эки бөлөк сумка даярдоо керек. Бирине энеге мезгилге ылайык халат, үстүңкү көйнөк, ич көйнөк, жумшак бут кийим, өздүк гигиена каражаттары, ошондой эле чоюлма бинт да салган дурус, айрым аялдарда буттарында жана аралыктарында тамырлары көөп кетмейи бар.

Экинчи баштык ымыркай үчүн камдалат. Анда жылуу, жука чепчик, алды туюк, арты ачык жылуу, жука көйнөк, бир нече жалаяк, одеяло, байпак жана эң кичине (0) өлчөмдөгү памперс, ошондой эле дене табын өлчөгүч болушу кажет. Болочок эненин жанында ар убак зарыл документтер (паспорт, медициналык карта) болушу шарт.

— Эмнеге ыйынуу башталган учур абдан татаал жана жооптуу?

Гүлнур Төралиева: көз жаргандан үч күн өтпөй ишке чыксам премьер таң калган
— Толгоонун алгачкы белгилерин толгоонун өзүнөн айырмалай билүү керек. Төрөт башталганын так аңдай билүү зарыл. Мындай маалыматтар болочок энелердин мектебинде айтылат. Ар бир бейтапканада да бар, байкабасаңыз, сизди көзөмөлгө алган врач менен кеңешиңиз. Төрөт жеңил өтүшү үчүн аял өзү да моралдык жактан даярданганы дурус. Толгоо башталып, төрөткө аз калганда уйкусун кандырып, жок дегенде толгоо арасында эс алуу зарыл, себеби ыйынганда шайы оойт. Эгер аял туура эмес ыйынса, төрөт жолдору (жатын моюнчасы, жыныс коңулу, анын бети, аралык) жабыркайт. Айрым учурда көтөн чучукка чейин жарылып кетет. Албетте, көз жарган аял үчүн да, врачтар үчүн да өтө оор жагдай. Кош бойлуулуктун соңку күндөрүндө жакшы эс алуу өтө зарыл. Төрөт убагында ойду топтоп, тынч болууга, кыйкырбай, ызы-чууга алдырбай, врачтарды кунт кое угуп, анын айткандарын так аткарууга тырышуу керек.

Кош бойлуулукту сөзсүз пландаңыздар, каттоого туруп, текшерүүдөн өтүп, кош бойлуулукту акырына чейин кылдат карап, доктурга маал-маалы менен көрүнүү зарыл. Бойго бүтүрөрдөн мурун кош бойлуулук жеңил жана табигый жол менен көз жарууга чыдай ала тургандай, ал эми бала сак-саламат төрөлүшү үчүн организмди чыңдоо үчүн дарылануу шарт.

Маек "Биз — ата-энебиз" автордук программасынын алкагында алынды. Бул — ата-энелик милдет жана бала тарбиялоо тууралуу социалдык долбоор. Аталган долбоор үй-бүлөнү жоопкерчилик менен куруу, ошону менен бирге эле кош бойлуулукту, төрөттү пландоо, балдарды тарбиялоо боюнча аялдар менен эркектердин маалымдуулугун арттырууну көздөйт. Белгилүү кыргызстандыктардын ата-энелик милдетин кантип аткарары тууралуу, ошондой эле ушул багытта кеп-кеңеш, сунушун аябаган адистердин (акушер-гинеколог, педиатр, диетолог жана психологдордун) маектери камтылат.