Машыгууга кеткен бойдон жок. Бишкекте 14 жаштагы гимнаст кыз жоголду. Сүрөт

Кыз 8-май күнү саат 14.30дар чамасында “Орто-Сай” базары жактан жоголгон.
Sputnik

БИШКЕК, 8-май. — Sputnik. Бишкекте 14 жаштагы Элиза Максытова дайынсыз болуп жатканын социалдык тармактарда жазышууда.

Кыз 8-май күнү саат 14.30дар чамасында “Орто-Сай” базары жактан жоголгон. Апасынын айтымында, Элиза көркөм гимнастика менен алектенчү, бүгүн машыгууга кеткен бойдон дайынсыз болууда.

“Элиза кечке калбай үйгө келип калчу эле. Ал уруксатсыз эч жакка кетчү эмес, окуудан чыгып үйгө келип, андан соң машыгууга барчу. Милицияга да кайрылып издеп жатабыз”, — деди апасы.

Бишкектеги концерт учурунда беш бала жоголду
Октябрь райондук милициясы кызды Бишкектин түштүк тарабындагы аймактардан издеп жатышканын билдирди.

Элиза кызыл толстовка капюшону менен, ак кофта, кара юбка кийип кеткен. Арык чырай, бою 161 сантиметр. Бетинде сепкили бар.

Кимдир бирөө кызды көрүп же ал тууралуу маалымат угуп калса төмөнкү номерлерге чалып кабар коюну өтүнөт: (0312) 51-41-84, (0771) 64-53-53.