Түштүк магистралдагы парктын курулуш иштери башталды. Сүрөт

Парктагы курулуш иштерин быйыл аягына чыгаруу пландалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бишкекте Түштүк магистралдагы парктын курулушу башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асхат Тулебердиев аталган парк соңку кезде курулуп жаткан эң ири эс алуу жайы экенин айтты.

Абылгазиев: Бишкектин башкы планы жок, каякка эмне куруларын эч ким билбейт
Парк Масалиев көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Анын долбоору "Бишкекбашкыархитектуранын" адистери тарабынан иштелип чыккан.

Парктын жалпы аянты 10 гектарды ээлейт. Учурда "Бишкекасфальтсервис" ишканасы тарабынан жол, веложол, тротуарлар салына баштады. Андан сырткары, эс алуу жайында коомдук даараткана, 160 машинага ылайыкталган автоунаа токтотуучу жай курулат.

Парктагы курулуш иштерин быйыл аягына чыгаруу каралган.