Бишкекте Насыр Давлесов эскерилет

Иш-чара саат 10.00дө Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде болот.
Sputnik

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бүгүн Бишкекте Кыргыз ССРинин эл артисти, композитор Насыр Давлесовдун 90 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

СССРдин эл артисти Даркүл Күйүкованын 100 жылдыгы белгиленет. Программа
Иш-чара саат 10.00дө Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде болот.

Насыр Давлесов бир топ жыл Карамолдо Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру болуп эмгектенген. Композитор 200 ырга авторлук кылган. Алардын ичинен негизгиси — Кыргызстандын мамлекеттик гимни.