Мурат Суталинов бошотулду

Жогорку сот аны 20 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов эркиндикке чыкты. Анын иши Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан.

Текебаевдин иши кайра каралышы ыктымал. Жогорку соттун түшүндүрмөсү
Белгилей кетсек, Бакиевдин бийлиги учурунда башкы чекист болуп турган Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелинде окко учкандардын соту боюнча башкы фигурант катары өткөндөрдүн бири болгон. "Кыргызстандагы кылым соту" аталган бул иш учурунда ал бөйрөгүн алдырып (рактын 3-стадиясы), химиотерапия алып жаткан.  Февраль айында Ленин райондук соту аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан болчу. 

Суталинов, андан сырткары, астмасы жана дагы эки илдети бар экендигин айткан. Жогорку сот аны 20 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган.