Казань марафонунун катышуучусу чуркап баратып жан берди

Эси ооп жыгылган спортчуга ошол жерден дарыгерлер алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, ооруканага жеткенге чейин жандандыруу аракеттерин көрүшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Казань шаарында өткөн марафондо 21,1 чакырым чуркаган катышуучу каза болду. Бул туурасында "Известия" Татарстандын Спорт министрлигинин маалымат кызматына таянып жазды.

Эси ооп жыгылган спортчуга жеринде дарыгерлер алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, ооруканага жеткенге чейин болгон аракеттерди көрүшкөн. Тилекке каршы, кишинин өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

"Болжолдуу диагноз боюнча жүрөк оорусу кармап калган", — деп билдиришкен Татарстандын Спорт министрлигинен.

Татарстандын президенти Рустам Минниханов марафондун катышуучусунун өлүмүн тактоону тапшырганы айтылат.

Каза болгон киши 1981-жылы төрөлгөн, ал Владимир облусунан келген.