Пресс-борбор

Депутат: ата-энелердин чогулткан акчасына мектеп жооп бербеши керек

Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова борбор калаадагы окуучулардын ата-энелери жылына 300 миллион сом чогултарын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Эгер мектептерде ата-энелер чогулткан акча эмнеге коротулганы боюнча маалымат бербей жатса, алар укук коргоо органдарына кайрыла аларын Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда уюштурулган "Мектептерде жана бала бакчалардагы акча чогултуу" аттуу тегерек столдо билдирди.

"Ата-энелер чогулткан каражат кайда кеткени боюнча маалымат бербеген мектептер бар. Мындай учурларда ата-энелерге укук коргоо органдарына кайрылгыла деп кеңеш беребиз", — деди Абдылдаева.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова акчанын сарпталышы боюнча маалыматты мектеп эмес, ата-энелердин бирикмеси бериши керек деген пикирде.

Министрлик баланы мектепке акча бербей киргизүүнүн жолун айтты
"Ата-энелердин укуктук билими жок болгондуктан акча чогулткан бирикмеден эмес, директордон талап кылышат. Анан калса, директорлордун да укуктук билими жок болгондуктан актанып башташат", — деди депутат.

Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова шаардагы мектептер үчүн бюджеттен жылына 3,2 миллиард сом бөлүнөрүн айтты. Ал эми мектептерден алынган маалымат боюнча, ал жакта жылына 300 миллиондой сом чогултулат.