Бишкектин чок ортосунда жаркыраган кыргыз оюусу. Сүрөт

Бардык иштер вице-мэр Рыспек Сарпашовдун көзөмөлү алдында жасалган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бишкектеги Чүй менен Манас проспектилеринин кесилишине оюу түшүрүлгөн атайын тосмо толугу менен орнотулду. Бул тууралуу "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынан кабарлашты.

Ага ылайык, жумушчулар аталган проспектилердин кесилишине оюу тосмодон сырткары майда мрамордон жерге улуттук орнамент түшүрүшкөн. Андан сырткары, көк шибер төшөлүп, айланасы иретке келтирилди.

"Бишкекжарык" ишканасы жарыктандыруу иштерин колго алган.

Бардык иштер вице-мэр Рыспек Сарпашовдун көзөмөлү алдында жасалганы айтылды.