Батукаевдин иши боюнча камалган балдар онкологун колдоп бейтаптар акцияга чыкты

Акцияга чыккандардын арасында балдар да бар. Алардын жазууларында "Доктор Макимбетов, сизди күтөбүз", "Дарыгер — күч бирдикте!" деп жазылган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча камалган дарыгер, балдар онкологу Эмил Макимбетовду колдоп Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн дарыгерлери жана бейтаптар акцияга чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган бөлүмдүн башчысы Гүлмира Жунушалиева билдирди.

Батукаевдин иши боюнча камалган балдар онкологун колдоп бейтаптар акцияга чыкты

Эскерте кетсек, буга чейин Батукаевге рак диагнозун койгон онколог менен лабораториянын кызматкери кармалып, эки айга камакка алынган. Дал ушул илдеттин негизинде кылмышкер түрмөдөн чыгарылган.

Акцияга чыккандардын арасында балдар да бар. Алардын жазууларында "Доктор Макимбетов, сизди күтөбүз", "Дарыгер — күч бирдикте!" деп жазылган.

Батукаевдин иши боюнча камалган балдар онкологун колдоп бейтаптар акцияга чыкты

Жунушалиева Макимбетов онкологиялык ооруга кабылган балдарга операция жасаган жалгыз хирург, профессор экенин баса белгилеп, аны үй камагына чыгарууну өтүнүп жатышканын айтты.

"Онкология борборунун балдар бөлүмүн баштан-аяк түптөгөн Макимбетов десем жаңылышпайм. Бардык күчүн, эмгегин ушул тармакка жумшап, беш жылдын ичинде бөлүмдү дүйнөлүк стандартка ылайыкташтырып жасады. Биздин бөлүмдө иштеген дарыгер-онкологдордун баары анын аспиранттары, окуучулары. Бардык бейтаптар ушул кишиден консультация алчу. Профессор эч жакка деле качып кетмек эмес, ал биздин жетекчи, илимий жактан да карайт, бөлүмдүн да көзгө басаар кишиси болчу. Бийликтен аны үй камагына чыгарууну өтүнөбүз", — деди Жунушалиева.

Батукаевден рак аныктап чыккан медиктерге башка айыптар да коюлууда
Белгилей кетсек, Азиз Батукаевди 2006-жылдын 3-августунда Аламүдүн райондук соту 16 жыл 8 айга эркинен ажыраткан. Кылмышкер катуу тартиптеги колонияда жаза өтөп, мындан тышкары, мүлкү конфискацияланган. 2013-жылдын 9-апрелинде Батукаев оор илдетине байланыштуу мөөнөтүнөн мурда бошоп, Кыргызстандан чыгып кеткен. ИИМдин маалыматы боюнча, ушу тапта "курал-жарак сактаган" деп айыпталып Чечен Республикасынын абагында отурат.

Кримавторитет боюнча иш кайра жанданганын 17-апрель күнү башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттарга отчёт берип жатып айткан. Ошол учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын жетектеп турган азыркы депутат Зарылбек Рысалиев да суракка чакырылары маалым болгон.