Россияда киши колдуу болгон кыргызстандыктын өлүмүнө шектүү жаран кармалды

Учурда туугандары менен биргеликте маркумдун сөөгүн туулган жерине жеткирүү маселелери чечилип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Санкт-Петербургда таякталып каза болгон кыргызстандык жигиттин өлүмүнө шектүү киши кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Чет өлкөнүн түрмөсүндө 2000дей кыргызстандык жатат. Тизме
Эске салсак, 3-майга караган түнү Россиянын Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык жарандын сөөгү табылган. Полиция жерине барганда Яковлев тар көчөсүндөгү хостелде уруш чыгып, сабалган кыргызстандык тез жардам келгиче көз жумганы аныкталган.

Аталган факты боюнча Россиянын Москва районунун полициясы РФтин Кылмыш жана жаза кодексинин 111-беренесине ("Денеге өлүмгө алып келе турган залака келтирүү") ылайык кылмыш ишин козгоду.

"Ыкчам иликтөө иштеринин негизинде шектүү катары Россияда туулуп-өскөн 27 жаштагы жаран колго түштү. Ал мурда дагы кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда туугандары менен биргеликте маркумдун сөөгүн туулган жерине жеткирүү маселелери чечилип жатат.