Муфтият быйылкы битир-садаганын баасын бекитти

Мусулмандар битир-садаганы өз каалоосу менен мечиттерде берсе болот.
Sputnik

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Муфтият битир-садаганын баасын бекитти. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Муфтият быйылкы битир-садаганын баасын бекитти

Маалыматка ылайык, быйылкы Орозо айында берилүүчү битир-садага 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар. Аны базар баасы менен алганда ар бир адамга 35 сомдон эсептелди.

2019-жылдын Орозо календары: ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) маалы
Буудайдан сырткары ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг 600 грамм), арпа (3 кг 200 грамм), курма (3 кг 200 грамм) менен берсе болот. Аны базар баасы менен салыштырганда мейиз – 384 сом, ун – 40 сом, арпа – 48 сом болсо, курманын баасы 480 сомду түздү.

Мусулмандар битир-садаганы өз каалоосу менен мечиттерде бере алышат.