1924-жылы сырткы Монголия көз карандысыздыгын жарыялаган. Буга чейин сырткы жана ички Монголия Кытайдын курамында болгондуктан, ал сырткы Монголияга эгемендүүлүк бергенден баш тарткан. Ошондон тарта Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөнгө чейин жалгыз СССР гана жаңы мамлекеттин азаттыгын тааныган. Жаңы түптөлүп жаткан мамлекетке Кремль жардамын аяган эмес.
Бардык күч - Жеңишке!
Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Монголиянын жетекчилиги өлкөнүн бүт мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, СССРге жардам көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алып, атайын фонд түзөт. 1941-жылы октябрда монгол жарандары кышкы жылуу кийим жана азык-түлүк менен биринчи эшелонду жөнөтөт. СССР Монголиядан 0,7 миллион бодо мал жана 4,9 миллион майда жандык, тон, кийиз импорттогон. Согуш учурунда Кызыл Армия менен СССРди АКШ "Ленд-лиз" мамлекеттик программасынын алкагында 665 миң тонна эт консервасы менен камсыз кылганы белгилүү. Ал эми ошол эле маалда Монголия өлкөбүздү 500 миң тоннага жакын эт менен камсыздаганы жөнүндө маалымат көп жок.
Монголдор жапайы аркар, жейрен, теке жана бугуларга ууга чыгып, аларды темир жол станцияларга айдап келип, түз эле вагондорго салышкан. Мындан тышкары, аталган өлкөдөн стратегиялык товар — жүн жеткирилген. АКШ өлкөбүзгө 54 миң тонна жүн берсе, Улан-Батордон 64 миң тонна жүн ташылып келген. 1942-1945-жылдары ар бир бешинчи советтик шинель монгол жүнүнөн тигилген. Ошондой эле азык-түлүк, вольфрам жана булгаары, аң-тери да да ушул өлкөдөн тынбай келген. Өнөктөш өлкөдө СССРдин тылындагыдай эле ачкачылык башталып, расмий түрдө жумуш күнү 10 саатка чейин узартылган.
500 миң монгол жылкысы
Экинчи дүйнөлүк согушта ар бир экинчи монгол согушкан
1942-1945-жылдары монголиялык боордоштор акча чогултуп, бул каражаттын эсебинен СССРге "Монгол көчмөнү" авиаэскадрилья менен "Революциялык Монголия" атындагы танкалык бригаданы курап беришкен. Жогоруда айтылган аскердик бөлүктөрдү расмий Улан-Батор Улуу Жеңишке даярдаган.
Батышта согуш бүткөнчө СССР Ыраакы Чыгышта фашисттик Германиянын өнөктөшү Японияга каршы бир миллион жоокерден турган армияны кармап турганга аргасыз эле. 1941-1944-жылдары Монголия армиясынын санын төрт эсе көбөйткөн. Офицерлерди Москвадан даярдашкан. Ошол эле убакта Улан-Батор курал көтөрө ала турган бардык эркектер менен аялдарды аскердик кызматка чакырган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Монголия коргоо иштерине бюджетинин 50 пайызын жумшаган. Мунун негизинде Япониянын Маньчжуриядагы Квантун армиясына каршы туруштук бергенге жарап, СССР Ыраакы Чыгыштан бир нече дивизиясын батыштагы кан майданга алып кеткенге жол ачылган.
Августтан сентябрга чейинки арылыкта монгол армиясы пайыздык сан менен эсептегенде АКШ армиясындай эле жоготууга учураган. Эң башкысы, Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндө СССР менен генералиссимус Чан Кайши башкарган Кытай Республикасы сырткы Монголиянын көз карандысыздыгы тууралуу келишим түзөт. Ага ылайык, "Улан-Батор эгемендүүлүк тууралуу элдик референдум өткөргөндө гана Кытай сырткы Монголиянын көз карандысыздыгын тааныйт" деген талап коюлган.
Көптөн күткөн эгемендик
1945-жылы 20-октябрда сырткы Монголия көз карандысыздыгы жөнүндө референдум өткөрөт. Анын натыйжасында Монгол Эл Республикасынын жарандары Кытайдан толук бөлүнүп, өзүнчө эгемендүү мамлекет болуу тууралуу чечимин кабыл алат. 1946-жылы 5-январда Кытай Монголиянын көз карандысыздыгын тааныйт. 1949-жылы Кытайдагы жарандык согушта Коммунисттик партия жеңип, Кытай Эл Республикасы да сырткы Монголияны эгемен өлкө катары таанууга аргасыз болот.