ИИМде жаңы кызмат пайда болот. 900дөй бош орун бар

Башкармалыктын жетекчисинен башка кызматкерлердин бардыгы сынак аркылуу алынат.
Sputnik

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бишкек ШИИБинин жаңы түзүлчү Кайгуул кызматы башкармалыгына сынак жарыяланды. Бул тууралуу ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоочу башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Бишкектеги Билим фестивалында автоинспектор робот бийин бийледи. Видео
Аталган кызмат пилоттук долбоор катары ишке ашканы турат. Ал ЖКККББны алмаштырышы керек.

Маалыматка караганда, жетекчи орун басарлыгынан баштап катардагы кызматкерге чейин 871 бош орун бар. Бардыгы сынак аркылуу тандалат. Документтер 6-июнга чейин кабыл алынат. ЖКККББнын азыркы кызматкерлери даярдыктан өткөн соң сынакка катыша алат.

Буга чейин өкмөттөн жаңы башкармалыктын материалдык-техникалык базасы жакшыртылып, катардагы кызматкердин айлыгы бери дегенде 21 миң сом болорун айтышкан.

Азыр иштеп жаткан ЖКККББ 2018-жылдын башында түзүлгөн.