БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бишкекте эки жеңил унаа кагышканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына окуянын күбөсү билдирди.
Анын айтымында, жол кырсыгы 6-май, дүйшөмбү күнү, болжол менен 8:10до Орозбеков жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын борбордогу күзөт бөлүгүнөн кырсык болгонун тастыктап беришти.
"Volkswagen Passat жана Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаалар кагышты. Бир адам ооруканага жеткирилди", — деп айтылат маалыматта.
ЖКККББ жол кырсык тууралуу кененирээк маалыматты кийинчерээк берерин кошумчалады. Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, машиналар атайын унаа токтотуучу жайга токтотулду.