БИШКЕК, 5-май – Sputnik. Москва – Мурманск каттамы менен жүргөн учактын бортунан өрт чыгып Шереметьево аэропортуна конду.
Окуянын видеосу интернетке жарыяланды.
Маалыматка караганда, кырсыктан беш киши жабыркаган. Ишенимдүү булактын РИА Новостиге билдиргенине караганда, өрт электр жабдууларынан кеткен мүчүлүштүктөн улам чыккан.
Бортто 72 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон.