Шереметьево аэропортуна конгону жаткан учактан өрт чыкты. Видео

Окуядан беш киши жабыркады.
Sputnik

БИШКЕК, 5-май – Sputnik. Москва – Мурманск каттамы менен жүргөн учактын бортунан өрт чыгып, Шереметьево аэропортуна конду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

​Маалыматка караганда, кырсыктан беш киши жабыркаган. Ал эми 78 киши эвакуацияланды. Өрттүн келип чыгуу себеби тактала элек.