Таштанды конокторду качырат! Маданият министрлигинин социалдык ролиги

Социалдык видеоролик вандализмди алдын алууга, тарыхый-маданий жайларды сактоого, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого үндөйт.
Sputnik

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жарандарды таштанды таштабоого үндөгөн роликти жарыялады.

Жыл сайын май айында тоого чыгып эс алуучулардын саны арбыйт.

Көзүңдү ала албайсың! Кыргызстандагы кышкы туризм тууралуу жаңы ролик тартылды
Видеороликтен үй-бүлө мүчөлөрү жаратылыш койнуна чыгып, шишкебек жасашканын жана алар эс алган жерде толтура таштанды калтырып кетишкенин көрүүгө болот.

Министрликтин маалыматына ылайык, видеону Туризм департаменти өкмөттүн 2019-2023-жылдарга карата кабыл алган программасынын негизинде БУУнун Өнүктүрүү программасынын каржылык колдоосу менен тарткан.

Социалдык видеороликтер орус, кыргыз тилдеринде чыгып, вандализмди алдын алууга, тарыхый-маданий жайларды сактоого, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга үндөйт.