АКШнын эң сулуу бийкечи тандалды. Сүрөт

Сынакка ар кыл кесип ээлери катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. "АКШ сулуусу — 2019" титулунун жеңүүчүсү болуп 28 жаштагы Чесли Крист аталды. Бул тууралуу USA Today басылмасы жазды.

Сынак Невада штатынын Рино шаарында өткөн. Анда өлкөнүн эң сулуусу наамын алуу үчүн ар кыл кесип ээлери ат салышкан. Алардын арасында мугалим, медайым, жада калса аскер кызматкерлери да болгон.

Басылманын маалыматына караганда, Крист адвокат болуп эмгектенет. Ал эркинен ажыратылгандардын укугун бекер коргойт.

Ал ошондой эле Уэйк-Форест университетин аяктаган жана White Collar Glam аталышындагы мода блогунун негиздөөчүсү.

Мындан сырткары, бийкеч адвокат болгонго чейин Түндүк Каролина курама командасынын атынан жеңил атлетика боюнча мелдештерге катышып келген.

Ал эми экинчи орунду ньюмексиколук Алехандра Гонсалес, үчүнчүнү Оклахома штатынан катышкан Триана Браун ээледи.