Таиланддын падышасы генералга үйлөндү. Нике тойдогу "өзгөчө" сүрөттөр

Sputnik

Таиланддын падышасы Маха Ватчиралонгкон (Рама Х) 1-май күнү падышалык кароолдун башкы командачысынын орун басарына баш кошту. Никенин күбөлөрү падышанын бир тууган карындашы, ханбийке Сириндхорн менен "Жашыруун кеңештин" башчысы, генерал Прем Тинсуланонда болду.

Атасы уулуна тапшырып кетти. Жаңы император Нарухито такка отурду
2014-жылы Таиланддын мураскер ханзаадасы Маха Ватчиралонгкон өзү такка отуруп, дароо эле келечектеги жубайын падышалык кароолдун башкы командачысынын орун басары кылып дайындаган. 2016-жылы ага Таиланддын жөө аскерлеринин генералы наамы берилген. Суттхида мурда учакта борт коштоочу болуп иштегени айтылат.

Эки жашка нике күбөлүгүн өлкөнүн ички иштер министри Анупхонг Пхаочинда берди. Анткени ал негизги кызматы менен катар эле жарандык абалды каттоого алуу кызматын жетектейт.

Никелешүү салтанатына премьер-министр Прают Чан-Оча жана башка өкмөт мүчөлөрү катышты.

Ханышага таажы кийгизүү салтанаты 4-май күнү Бангкок шаарында өттү. Ага катышууну көздөгөн бардык провинциялардан 150 миңдей адам борборго келишти.

Маха Ватчиралонгкон мураскер ханзаада кезинде төрт ирет никеге турган. Анын беш уулу жана эки кызы бар. Бирок расмий түрдө уулдарынын бири гана ханзаада болуп эсептелет.

1 / 12
Маха Ватчиралонгкон 1-май күнү падышалык кароолдун генералына баш кошту
2 / 12
Никелешүү салтанатына премьер-министр жана башка өкмөт мүчөлөрү катышты
3 / 12
Маха Ватчиралонгкон мураскер ханзаада кезинде төрт ирет үйлөнгөн
4 / 12
Таиланддын жаңы ханышасы 40 жашта
5 / 12
Мурда ал борт коштоочу болуп иштеген
6 / 12
Падышанын беш уулу жана эки кызы бар
7 / 12
Ханышага таажы кийгизүү салтанаты 4-май күнү Бангкок шаарында өттү
8 / 12
Ага катышууну көздөгөн бардык провинциялардан 150 миңдей адам борборго келди
9 / 12
Келечектеги ханышага 2016-жылы Таиланддын жөө аскерлеринин генералы наамы ыйгарылган
10 / 12
Эки жашка нике күбөлүгүн өлкөнүн ички иштер министри Анупхонг Пхаочинда тапшырды
11 / 12
Падышанын бир тууган карындашы, ханбийке Сириндхорн менен "Жашыруун кеңештин" башчысы, генерал Прем Тинсуланонда никеге күбө болушту
12 / 12
Вачиралонгкорн падышалык такка 64 жашында отурган