Санкт-Петербургда кыргызстандык жигит таякталып каза тапты

Аталган факты боюнча Россиянын Москва районунун полициясы иликтөө иштерин баштады.
Sputnik

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Россиянын Санкт-Петербург шаарында 3-майга караган түнү кыргызстандык жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

Жерине элчиликтин кызматкерлери барып, толугураак маалымат алган.

"Каза болгон киши 30 жаштагы кыргызстандык экени аныкталды. Окуя 3-майга караган түнү Яковлев тар көчөсүндөгү хостелде болгон. Маркумдун коңшусунун айтымында, алгач андагылар уруша кетип, кыргыз жараны сабалган. Чакырылган тез жардам кызматы анын өлүмүн гана каттоого жетишти", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты боюнча Россиянын Москва районунун полициясы иликтөө иштерин баштады. Ыкчам издөө аракеттеринин жыйынтыгында шектүү катары эки киши кармалды.

Ишти Кыргызстандын Россиядагы элчилиги өз көзөмөлүнө алды.