БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн дубалына жазуучу Чыңгыз Айтматовдун портрети тартылат. Бул туурасында Бишкек шаардык кеңешинен кабарлашты.
Борбор калаанын тургундарына мындай белекти шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров тартууламакчы. Үй "Жал-23" кичирайонунда жайгашкан.
Абиров белгилегендей, жакынкы күндөрү иштер толугу менен бүтөт. Бул нерсе Айматовдун 90 жылдыгына арналат.