Өлкө башчысы былтыр Кытайга болгон иш сапарында кесиптеши Си Цзиньпинден кыргыз тарыхына тиешелүү архивдик материалдардан биздин окумуштуулардын пайдалануусуна көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн эле. Кытай тарап бул пикирди жакшы кабыл алган. Көп өтпөй Кытайдын окумуштуулары менен таанышып, баарлашып кайткам. Бул тууралуу Кыяс Молдокасымов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Мурас" коомдук фондусу менен Кытайдын Мамлекеттик илимдер академиясынын тарых изилдөө институтунун ортосунда биргелешип изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча келишим түзүлгөн.
"Эки өлкө башчылары Кытай тараптан архивдик метериалдардан пайдалануу, чогуу изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча пикир алышкандан бир ай өтпөй эле иш башталган. Фонддун атынан өзүм барып, ал жактагы кесиптештер менен таанышып, былтыр болуп өткөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырып кайткам. Чакырууну кабыл алып, кытайлык окумуштуулар келип, салтанатка катышып өзгөчө таасир алышыптыр. Алар буга чейин деле тарыхый материалдардан кыргыздар тууралуу маалыматтарды табышканын, бирок ага басым жасап деле изилдешпегенин айтышты. Ал эми Көчмөндөр оюндарындагы баатырдык духту көрүп, тарых ошол бойдон сакталып калгандай элес калтыргандыгын сүрөттөп жатышты. Алар өз мекенине кайтары менен изилдөөнү башташкан экен. Быйыл президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон иш сапарында б.з.ч. X кылымдарда жашап өткөн падышанын кыргыздар тууралуу сүрөттөп жазган 2800 беттен турган материалы табылгандыгын сүйүнчүлөшкөн. Табылга учурда байыркы кытай тилинен которулууда. Биз бул маалыматтарга таянуу менен Сыма Цяндын "Ши цзи" эмгегинде көрсөтүлгөндөй кыргыз тарыхына 2200 жыл эмес, 3000 жыл толду деп айта алабыз", — деди окумуштуу.
Ал аталган табылга байыркы кытай тилинен толук которулуп бүткөндөн кийин коомчулукка жарыяланарын кошумчалады.