Кадамжайдын Чаувайында 12 бүлө чатырга көчүрүлдү. Сүрөттөр

Жер көчкү 1994-жылы активдешип, көзөмөлдө турган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Чаувай айыл аймагында 12 үй-бүлө чатырга көчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган тилкеде 29 үйгө жер көчүү коркунучу жаралган. 10-апрель күнү ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынан 10 орундуу 15 чатыр бөлүнүп, тигилген.

"Бүгүн ал жерге куткаруучулар, милиция кызматкерлери, медициналык бригада барып, жергиликтүү тургундар менен биргеликте көчүрүлгөн 12 бүлөнү жайгаштырууга жардам беришти. Калган 17 бүлөнү көчүрүү иш-чаралары каралууда", — деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМ жер көчкү 1994-жылы активдешип, көзөмөлдө турганын белгиледи.