Эколог Ысык-Көлдүн экосистемасына болгон коркунучтарды айтып берди

Экологдун айтымында, Ысык-Көл океан менен көлдөргө салыштырмалуу "назик" келет.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Ысык-Көл органикалык калдыктарды "кайра иштете" албайт. Бул тууралуу эколог Дмитрий Ветошкин жарандык активисттер менен жолугушууда билдирди.

"Ысык-Көл океан менен көлдөргө салыштырмалуу "назик" келет. Геологиялык көз караш менен алганда көл абдан жаш болгондуктан башка көлдөргө салыштырмалуу органикалык калдыктарды "кайра иштете" албайт", — деди Ветошкин.

КРде уранды изилдөөгө, чалгындоого, иштетүүгө тыюу салган токтом кабыл алынды
Ал мисал катары дарбыздын кабыгы кумда чирип калбастан жөн гана кургап каларын айтты.

"Кумда органикалык калдыктарды кайра иштетип салганга жетиштүү микроорганизмдер жок. Көлдө деле ошондой, мындан улам таштанды анын ичинде калат", — деди эколог.

Ветошкин башка көйгөйгө да көңүлдү бурду. Анын айтымында, транспортторго колдонулган күйүүчү-майлоочу каражаттар көлдүн үстүнө мунай катмарын пайда кылат. Анын кесепетинен сууга кислород кирбей калат.