Билим берүү министрлиги: акыркы коңгуроого акча чогултууга тыюу салынат

Акыркы коңгуроо салтанаты өлкөдөгү мектептин баарында 25-май күнү саат 9.00дө башталат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Акыркы коңгуроо майрамына карата мектеп директорлоруна жана мугалимдерге бүтүрүүчүлөрдөн белек алууга, акча чогултууга тыюу салынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы эске салды.

Кыргызстанда диний билим берүү боюнча Жобо иштелип чыкты
Мындан тышкары, бүтүрүүчүлөр көңүл ачуу борборлорунда коштошуу кечесин өткөрө албайт.

Акыркы коңгуроо күнү шаардык жана райондук билим берүү башкармалыктары тарабынан уюштурулган рейддер өтөт. Ошондой эле бул күнү бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугу үчүн өрт коркунучун жараткан фейерверк сыяктуу каражаттар колдонулбашы керек.

Бул шарттар аткарылбаган мектептердин жетекчилигине дисциплинардык жоопкерчиликке тартылгандан тарта кызмат ордунан бошотулганга чейинки чаралар көрүлүшү ыктымал.