Кыргыз тилинде туура жазуу колуңуздан келеби? Тест

Канчалык коом алдыга кетип, технология өнүгүп жатканы менен кээде сабаттуу жазууну унутуп бара жаткандай сезимдер болот. Себеби азыр "Фейсбукту" баш, "Инстаграмды" төш кылып, "Одноклассникини" кошо чапчып, ушул айдыңдарда кыргызча ката сөздөрдү жайната жазып жатабыз.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан бул сапаркы тестин да туура жазууга арнап, сизди да андан өтүүгө чакырат.

Биздин сайтта эң бир сонун, кызыктуу, андан сырткары, тамаша аралашкан тесттер бар.

Эгерде макалдар боюнча тесттен өтөм десеңиз, ал даяр.

Мага табышмак боюнча тест керек десеңиз, ал мүдөөңүздү да аткарабыз.

Буга чейин  али укпаган сөздөр боюнча тест керек, өтүп билимимди текшерем десеңиз, аны да аткарабыз.

Кыргызстан жөнүндө тест керек десеңиз, ал да даяр.

Баса, Facebook тармагындагы баракчадан "Кызыгы көп кыргыз тил" деп аталган баракчага кирип, 100гө чукул тесттерден өтсөңүз болот.