Казакстанда эң сулуу бийкеч тандалды. Сүрөт

2-май күнү Нур-Султанда өткөн сынакта 31 сулуу ат салышты.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. "Казакстан сулуусу" сынагынын жеңүүчүсү деп павлодарлык 19 жаштагы Мадина Батык табылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

2-май күнү Нур-Султанда өткөн сынакта 31 сулуу ат салышты.

Жеңүүчү баалуу таштар менен кооздолгон таажыдан тышкары 3 миллион теңге менен сыйланды. Ошондой эле ал Париж шаарына жолдомо жана "Дүйнө сулуусу" сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алганы айтылат.

Калыстык үчүн финалга чыккан беш кыздын ичинен мыктысын казакстандыктар sms-добуш берүү жолу менен тандады.

Анын жыйынтыгында "Биринчи вице-мисс" наамына алматылык Диана Абишева татыды. Экинчи орунда Надежда Недосекова, үчүнчүсү Сания Мергалиева аттуу сулуулар болду.

Шоу жаштар арасында популярдуу "этно-сasual" форматында өттү. Сынактын катышуучулары көчмөндөр менен азыркы казак элинин жашоо-турмушун жуурулушун чагылдырган кийим-кечектерди кийишти.