Радио

Мавлянова: жетим балдарга ай сайын бөлүнгөн акча кайда кетерин тактоо керек

"Республика — Ата Журт" фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова парламентте балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жатакана курууну сунуштады.
Sputnik
Мавлянова: жетим балдарга ай сайын бөлүнгөн акча кайда кетерин тактоо керек

Мыйзам боюнча балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн мамлекет турак жай, иш менен камсыз кылууга милдеттүү. Тилекке каршы, учурда бул мыйзамдар аткарылбай келет. Бул тууралуу Махабат Мавлянова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын 400ү жыл сайын аталган жайдан чыгып, өз алдынча жашоого аттанууга аргасыз болушат.

"Биз балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары менен жолукканыбызда алар аталган мекемеден кеткен соң кылмыш иштерин жасаганга аргасыз болорун айтышты. Анткени иштегенге жумушу, жашаганга жери жок селсаякка айланып, жаман жолго түшүп жатышат. Мыйзам боюнча аларды 18ге чыккандан кийин да мамлекет өз камкордугуна алышы керек. Башкача айтканда, турак жайлуу болгончо жашап турганга убактылуу үй менен камсыздап, кандайдыр бир кесиптин ээси кылып, анан чоң жашоого кое берүүсү шарт. Бирок биздин өлкөдө абал мыйзамда жазылгандагыдай эмес. Жылына 400 бүтүрүүчүнү камсыздоо мамлекет үчүн деле оорчулук жаратат, аны түшүнүп турабыз. Ошентсе да кол куушуруп отура бербей, аракет жасашыбыз керек. Мисалы, өлкө казынасынан ар бир жетим балага мамлекет тарабынан ай сайын 2000 сомдон бөлүнүп турат. Ал акчалар кайда кетип жатканын тактоо зарыл. Ошол каражатты коротпой, атайын депозит ачып чогултуп, балдар 18ге чыкканда убактылуу жашаганга жай табуусуна иштетилсе жакшы болмок", — деди депутат.

Эл өкүлү бул багытта мамлекетке иш берүүчүлөр да көмөктөшсө туура болорун кошумчалады.