Радио

Пакыров: ишкерлердин эң чоң көйгөйү — менеджерликтин чабалдыгы

ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров бизнес менен алектенгендер алгач пайдубалын бекем түптөшү керектигин айтты.
Sputnik
Пакыров: ишкерлердин эң чоң көйгөйү — менеджерликтин чабалдыгы

Ишкерлердин эң чоң көйгөйү — менеджерлик сапаттын чабалдыгы. Бул тууралуу Фархат Пакыров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ишкерлер узак убакытка бизнес-план түзүшү керек.

"Региондордо ишкерлер узак убакытка бизнес-план түзгөндү өздөштүрө элек. Чет өлкөлүк ишкерлер иш баштаарда алгач пайдубалын бекем түптөп, бул жаатта жетиштүү маалыматка ээ болот. Ошондой эле узак убакытка план түзүп, ошого жараша аракет кыла башташат. Биздин ишкерлер да ушул нерселерди эске алганы маанилүү. Өлкөбүздөгү бизнес менен алектенгендердин дагы бир эң чоң көйгөйү — менеджерликтин чабалдыгы", — деди Пакыров.

Ал бизнес кылууга базардын кичинеси же акчанын жоктугу эмес, көп учурда иштин көзүн билбегендик маселе жаратарын кошумчалады.