Кыргызстандык мушкер япониялык атаандашын нокаут менен утту. Видео

Кямран Аббасов үчүн бул карьерасындагы 21-жеңиш.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов Индонезияда өткөн ONE Fighting Championship: "For Honor" турниринде япониялык спортчуну жеңип алды.

Аталган уюмдун Instagram баракчасына таймаштын чечүүчү мүнөттөрү жарыланды. Экинчи турда кыргызстандык япон мушкери Юшин Окамини нокаут кылган жеринен калыс мелдешти токтотот.

Кямран Аббасов үчүн бул карьерасындагы 21чи, ONE Fighting Championship: "For Honor" турнириндеги экинчи жеңиш.