Радио

Токтогазы уулу: элге туура эмес маалымат кеткен, динде эмдөөгө тыюу жок

Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу ислам динин карманган жарандар эмдөөдөн такталбаган маалыматтардан улам баш тартып жатканын айтты.
Sputnik
Токтогазы уулу: элге туура эмес маалымат кеткен, динде эмдөөгө тыюу жок

Динде эмдөөгө тыюу салынат деп эч жерде айтылбайт. Тескеринче, адам баласы өзүнүн ден соолугу үчүн кам көрүшү керек. Бул тууралуу Бактияр Токтогазы уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эмдөөдөн баш тарткан дин жолундагы жарандардын көпчүлүгү эмдөөгө колдонулган дары-дармектин сапатынан жана курамынан күмөн санашат.

"Коомчулукта эмдөөдөн баш тартуу маселеси 2009-жылы башталган. Буга интернет аркылуу, чет өлкөлөрдөн келген туура эмес, такталбаган маалыматтардын тарап кетиши себеп болду. Карапайым эл ага бат эле ишенип, коомчулук арасына динде эмдөөгө тыюу салынат экен деген түшүнүк сиңип кетти. Эми түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул жагдайды жоюуга аракет кылабыз. Динде эмдөө боюнча эч нерсе айтылган эмес. Тескеринче, адам баласы өз ден соолугуна кам көрүшү керек деп турат. Ата-эне ымыркай үчүн жооптуу болгондуктан, алар өз чүрпөсүнүн саламаттыгынын камын ойлошу керек. Учурда медицина өнүгүү жолунда. Ал эми эмдөө өз учурунда кандайдыр бир оорунун алдын алуу болуп саналат. Мисалы, ажыга аттанып жаткан адам сөзсүз түрдө эмдөөнүн эки түрүн алышы керек. Биринчиси менингит оорусуна, экинчиси сасык тумоого каршы. Бул талап аткарылмайын Сауд Аравияга кирүүгө болбойт. Эмдөө бул оорунун алдын алуу аракети болгондуктан, динде ага чектөө жок", — деди Токтогазы уулу.

Ошондой эле ал убагында эмдөөдөн баш тарткандар учурда ар кандай ооруга чалдыгып өкүнүп жатканын кошумчалады.